Эмил Балтагулов улуу Нооруз майрамын АКШнын Техас шта
тынын Хьюстон шаарындагы боордоштору менен тоскондугун билдирди. "23-мартта Хьюстон шаарындагы Орто Азия элдеринин Маданият борборунда бүт улуттардын маданий көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөгө ар улуттун буюмдары, тамак-аштары коюлду. Баарынан өзгөчөлөнүп биздин боз үй улутубуздун маданиятын, нарк-насилдерин, кол өнөрчүлүгүн жеткире тастыктап турду.
Майрамга Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекетинен келген ырчы, бийчилер катышты. Кыргызстандын атынан мен жана Куурчак театрынын актёру Мирлан Мурзапазылов өнөрлөрүбүздү тартууладык. Ошондой эле Норт Американ университетинде окуган кыргызстандык студенттер "Кара жорго" бийин бийлеп элди таң калтырышты",- деп ой бөлүштү ырчы.