2014-жылдын 21-мартынан тарта “Көзгө көрүнүүчү эффект” долбоорунун алкагында Бишкектеги окуу жайлардын жанындагы унаа жолдордун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жерлери 3D форматында боёлду. Идея Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуган 3-курсунун студенти Бегимай Сатаевага таандык.
Анын демилгесин бир нече фонддор колдогон. Акыркы айлардын ичинде жаш балдар жана өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын саны көбөйгөн. Айдоочулардын көңүлүн жөө жүрүүчүлөргө тартуу, жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында жолдогу “зебраны” 3D форматында боёо колго алынган. Долбоордун алкагында дагы 5 объектти жаңыртуу пландалууда. Бул тууралуу 24-мартта “Сорос-Кыргызстан” фондунун басма сөз кызматы билдирди.