22-мартта Пакистан Республикасындагы кыргыз элчилиги тарабынан аталган өлкөдө Нооруз майрамы өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Пакистандын экс-элчилери Назар Аббас, Танвир Хаскели жана аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.
КРнын Пакистан Республикасындагы элчисинин милдетин аткаруучу К.Токторбаев жана Пакистан Республикасынын ТИМиндеги Орто Азия мамлекеттик департаментинин башкы директору Тарик Икбал Сумро куттуктоосун жолдошту.
Ал ортодо эки тараптын катышуусунда сүйлөшүү жүрүп, өкүлдөр Кыргызстан менен Пакистандын өнүгүшүнө болгон мүмкүнчүлүктү жумшаарын билдиришти.