Чыркырап ыйлаган наристенин көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн МАИ кызматкери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы эртең белгилүү болот

Бишкек ШИИББинин Ички коопсуздук кызматы 18-мартта интернетте пайда болгон видеожазууда наристенин көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн МАИ кызматкери боюнча жүргүзгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы эртең аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Жол-кайгуул кызматынын катчысы Тилек Оторов SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, кызматтык иликтөө иштери Нооруз майрамына жана эс алуу күндөрүнө туш келип калгандыктан созулуп кеткен. “Ички коопсуздук кызматынын кызматтык иликтөө иштери бүтүшү мүмкүн. Анын жыйынтыгы башында секретариатка тапшырылат. Андан соң материалдардын бир бөлүгү бизге берилген күнү жалпы маалыматты жарыялайбыз”,- деди ал.

Эске салсак, 18-мартта интернетке Жол-кайгуул кызматынын инспектору чыркырап ыйлап жаткан баласынын көзүнчө айдоочуну жерге жыгып турганы тууралуу видеожазуу чыгып, талкууга алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
uson.abdullov
2014-03-24 16:54:18
баласынын козунчо зомбулук кылды деп.тим еле асманга чыгыптыр.бул жанылык.
-3
samidinova84
2014-03-24 16:59:01
uson.abdullov, тушунсон бул жерде жаш баланы кордогон менен барабар болуп жатат.атасына эч ким болушкан жок.
+2
uson.abdullov
2014-03-24 17:18:24
булжерде жол ереже деген бар.жондон жон еле маи келип айдоочуну жыкпайтта.
-2
samidinova84
2014-03-24 17:40:45
uson.abdullov, МАИчилер бул эле айдоочуну мындай жазалаган жок,мындай окуялар коп болот.жаш баланын ыйлаганына журогун зыркыраган жокбу сенин?Балак жок окшойт,балам балалуу болгондо тушуносун дегендей.жол эрежесин бузса,мыйзамда баласын чыркыратып жазала деп жазылган эмес.
+2
Jamalkan
2014-03-24 20:25:08
uson.abdullov,Senin oiuncha ar bir ereje buzgan aidoochuga GAI minip alish kerekpi?
0
sibiryak
2014-03-24 17:35:14
Кандай болгон убакта дагы айдоочу адам олтуруп же башка оор кылмыш кылган жок го.Болгону ремень тагынбаганыбы учунбу? Андай болсо шаардын жарымынан кобун жерге жаткызып кармашсын
+3
557
2014-03-24 17:43:09
ГАИлердин ставкасы 200 сом ошол учун наристени чыркыраткан акма ГАИге жаза керек адамдар баарыбызда бала бар.
+2
uson.abdullov
2014-03-24 17:45:18
анда адамдар бирден наристе салып журсо жакшы болот екен да ээ?оной кутулат маиден.
-3
samidinova84
2014-03-24 17:51:06
uson.abdullov, ар нерсе мыйзам менен чектелген иним,бирок Кыргызстанда ошол мыйзам иштебегендиктен ушуга окшогон окуя болуп жатса керек.сен МАИ кызматкери окшойсун.
+2
janno4ka
2014-03-24 17:59:35
МАИ кызматкеринин кылган эрдигиби наристенин козунчо.Баланын коз жашы бар ал учун кудай алдында жооп бересин.
+2
kalbek87
2014-03-25 14:37:42
janno4ka, кудай деген тушунук жок гаилерде аларда акча деген тушук бар только
0
syrajidin
2014-03-24 18:02:39
беспредель!!!!!!!
+1
Topcubai
2014-03-24 18:13:48
карга карганын козун качан чукуду ЭЛЕ?Булар деле эртен аны жумуштан алымыш болуп башка районго которуп жиберишет да
+1
sema.
2014-03-24 18:43:47
gailer kopty da.
+1
legenda23
2014-03-25 00:51:07
туура кылат кармасын минип алып тартипке салсын болбосо ГАИлерди копчулугу тоготпойтда эрежени бузуп анан кайра кекетип коркутайын деп аракет кылат азыркы учурда баары эле
-1
maksnarin
2014-03-25 12:44:51
баарыбызда бала бары чын.а мыйзам да бар,ортого баланы салбаш керек,кинодон батыштын полицейлеринин мамилесин коруп салыштырып атасыздар го кобунор;)
0
maksnarin
2014-03-25 12:54:07
андан коро кичине inetти аралап,законун окусанар,айдоочуга кандай жаза колдонулмак,кудайга жалынсын,Кыргызстанда туулганына,биздегилердин кобу Европанын таштандысынан машина алса эле кудай менен мыйзамды унутуп калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан