Борбор калаада кыргызстандык этнологдордун жана антропологдордун биринчи конгресси өтөт

Бишкекте 28-март күнү кыргызстандык этнологдордун жана антропологдордун биринчи конгресси өтөт. Иш-чарада “КРнын Этнологиялык илими жана замандын актуалдуу көйгөйлөрү”, “Кыргыз элинин этногенези жана этникалык тарыхы”, “Кыргызстандагы археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жана перспективасы”, “Адамдын, коомдун, маданияттын терминологиялык илимдеги көйгөйлөрү” боюнча суроолордун үстүндө талкуу жүрөт. Конгресске КРнын Президентинин алдындагы “Мурас” фондунун илимий ишмерлери катышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан