Парламентте "Сүткорлук ишке чек коюу тууралуу" мыйзам долбооруна арналган иш-чара өттү
Бүгүн, 24-декабрда депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан демилгеленген "Сүткорлук ишке чек коюу тууралуу" мыйзам долбооруна жана "Айрым КРнын мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү. Мыйзам демилгечиси белгилегендей, аталган мыйзам долбоорлору жеке жана юридикалык жактардын ортосунда насыя жана карыз берүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Ошондой эле ал Кыргызстандагы сүткорлук иштерге акыйкат чек коюунун укуктук таризин түзүүгө багытталган. Андан сырткары Өмүрбек Текебаев азыркы учурда микрокаржы уюмдары, күрөөканалар, жеке жактар баш аламан, көмүскө иш алпаруу менен карыз алуучулар үчүн жагымсыз шарттарды түзүп жаткандыгын баса белгиледи. Ал тургай орто эсеп менен банк насыяларынан 20 пайызга жогору болуп, берилген насыялардын жылдык үстөктөрү 60-65 пайызга чейин чыгууда. Микрофинансы уюмдарынын ассоциация төрагасынын орун басары Наргиза Жолдошова мыйзам долбоорун колдоо менен менен бирге мыйзам долбоорунан насыя биргилигин чыгарып салуу тууралуу пикирин билдирди. Талкуу жыйынтыгында анын жүрүшүндө айтылган сунуштарды тармактык комитетте карап чыгуу чечими кабыл алынды.