Бүгүн, 24-мартта интернет булактарына "Оштогу Жол-кайгуул кызматынын инспектору жаш баланы сүзүп кеттиби?" деген видео тарады. Видеодо ыйлап жаткан кызды жанындагы айым сооротуп жатканы тартылган. Видеожазуу толук эмес, бирок кыска тасма "МАИчини жазага тартууну талап кылабыз!" деген сөз менен аяктайт.
Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматчысы Замир Сыдыков: “Бул видео тууралуу Ош ШИИБине бүгүн саат 13:00 чамасында билдирилди. Башкармалыктын жетекчиси эгерде видеодогу кызматкердин күнөөсү бар болсо, анда тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтты. Ал эми видеодогу жол-кайгуул кызматкеринин айтымында, айым колуна жүк көтөрүп алып кызын карабай кетип бараткандыктан, бир машина кызды коюп кете жаздаган. Видеого инспектор айымга кичинекей кызды жетелеп басуусу керектигин түшүндүрүп жаткандагысы тартылганын айтты”,- деп билдирди.