КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана Кыргызстандагы башка улуттун элчиликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусундагы ок атуу боюнча мелдеш өттү. Мелдештин жыйынтыгында Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин командасы 1-орунга ээ болду. Аялдардын арасынан Марголина тапанчасынан ок атууда эң мыкты көрсөткүчкө жетишкендиги үчүн Ирина Серебрякова жана Ирина Кузнецова сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.