Жаза аткаруу кызматында аскерлердин саптык даярдыгы текшерилип, мыктылар аныкталды

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде “Саптык даярдыктын мыктысы” сынагы болуп өттү. Сынакка департаменттин бардык бөлүкчөлөрүнөн топтолуп, жалпысынан 6 команда катышты. 

Иш-чаранын негизги максаты - аскер кызматкерлеринин саптык даярдыктарын жакшыртуу. Аталган мелдешти өткөрүү үчүн атайын калыстар тобу тандалып, анын төрагалыгына полковник М.Э.Кожобеков дайындалды. Ар бир саптык ыкма 5 упайга чейин бааланды.

Жыйынтыгында “Саптык даярдыктын мыктысы” деген наамга 1-саптык батальондун командасы, ал эми 2-даражадагы дипломго 3-өзүнчө батальондун жана 3-даражадагы дипломго 4-өзүнчө батальондун командасы ээ болду. Андан тышкары жеке номинациялардын ээлери акчалай сыйлык менен сыйланышты. Бул тууралуу 24-мартта Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан