Ош облусунда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган адам кармалды

Ош облусунда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган адам кармалды. Анын жанында номуру сүртүлгөн Макаров тапанчасы болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам Макаров тапанчасын 2010-жылдагы Июнь окуясынан бери алып жүргөн жана аны сатууга ниеттенип жаткан.

Бул факты боюнча “ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан