Египетте эки кичи автобус кагышып, 7 адам каза тапты

24-мартта Египеттин Бени-Суэйф провинциясында эки кичи автобус кагышып кетти. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 12 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кагышуу автоунаалар тоннелине кире бериште болгон. Кагышуудан кийин кичи автобустардын бири трассадан ылдый кулап кеткен.

Мындан сырткары ушул эле күнү эртең менен кичи автобустун катышуусунда дагы бир кырсык катталган. Анда Каирдин чет жакасындагы Гиза шаарында кичи автобус менен трактор кагышып, 9 адам жабыр тарткан. Каза тапкандар болгон эмес.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан