* 25-март - Кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана аны жоюунун эл аралык күнү. Бул күн 1791-жылы Гаити менен Сан-Домингодогу кулдардын көтөрүлүшү жана кулчулук системин жоюу процессинин башталышына байланыштуу ЮНЕСКО тарабынан кабыл алынган. АКШнын Мамлекеттик департаментинин адам сатуу жана кулчулук боюнча изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө 27 миллиондон ашык адам кулчулук курмандыгына айланган.
Эл аралык миграция уюмунун эсептөөлөрүнө караганда Кыргызстанда жылына 5 миңге жакын жаран ар кандай жол менен кулчулукка туш болот. Алардын ичинен эмгек кулчулугуна туш болгондор Орусия менен Казакстанга кетишсе, сексуалдык кулчулукка Түркия жана Араб Эмираттарына сатылган учурлар арбын.

* 25-март -
Кант кызылчасын өстүрүүчүлөрдүн майрамы.
Наполеон Бонапарттын тушундагы согуштарга байланыштуу Вест-Индиядан ташылып келчү кант тростниги континенталдык Европага түшпөй калган. Император Наполеон Бонапарт 1811-жылдын 25-мартында кант кызылчасын өстүрүү үчүн 80 000 акр жер бөлүп, айыл чарба адистерин окутуу жана кант заводун куруу туурасында декрет кабыл алган. Ошентип, буга чейин малга берилип келген кант кызылчасы императордун жарлыгы менен бакча маданиятына айланган. 
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Кыргызстандагы бийлик алмашкандан кийин 2005-жылдын 24-мартынан
25-мартка караган түнү Бишкек шаарында талоончулук орун алган. Борбордогу Өкмөт үйүнөн башталган талоончулук түнкү каракчылык менен уланган. Бишкектеги айрым дүкөндөр тонолуп, кээси өрттөлгөн.
* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы америкалык актриса Сара Жессика Паркер Огайодо (АКШ) туулуп, 7 бир тууганы менен ынтымактуу үй-бүлөдө тарбияланган. Ал кичинекейинен эле актриса болууну каалачу. Голливуд Сараны тааный электе ал чакан телесериалдарга, жарнамалык роликтерге тартылып жүргөн. Чыныгы популярдуулук Сарага “Чоң шаардагы секс” сериалы менен келген.