Малайзиянын премьер-министри дайынсыз жоголгон учак Инд океанына кулап, жүргүнчүлөрдүн баары каза болгонун айтты

Куала-Лумпурдан учуп чыккан учак Инд океанына кулап, учактагылардын баары каза болду. Мындай билдирүүнү кечээ, 24-марттагы маалымат жыйынында Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак билдирди.

Ал мындай билдирүү учактын жолун көзөмөлдөгөн спутниктин маалыматына ылайык жасалганын белгиледи. Ошондой эле өкмөт башчы өз сөзүндө толук маалымат бүгүн, 25-мартта белгилүү болорун айтты.

Кечээ, 24-мартта Австралия менен Кытайдын аба күчтөрү океандан учактын сыныктары делген объекттерди аныкташкан.

Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Anhel
2014-03-25 09:08:31
alyp chygyshaby suudan?
0
dikeii
2014-03-25 09:09:30
аргасыздан ушул маалыматты таркаттыбы, эч тыянак чыкпагандан кийин.
+1
Dadasdasd
2014-03-25 09:18:56
dikeii, Аргасыз антип айтса кутулуп калбайт. Алып чыгып далилдеп бергенге козу жетип айтса керек.
0
aleshka
2014-03-25 12:58:46
dikeii, ошондой го
0
92nuraaly
2014-03-25 09:13:34
Жаман болуптур.
0
sema.
2014-03-25 09:39:44
jaman bolyptyr
0
zoloto61
2014-03-25 09:57:56
Ооба, чын эле жаман болуптур!
0
tokio1991
2014-03-25 13:22:43
телефондоруна гудок кетип жатат жана камера очкондойун 2 саат учушуптур деп билдиришпеди беле.ал адамдарды алыпбарып сатышканго же олтурушту.
0
aitowa11
2014-03-25 14:52:28
Учак артка карай бурулган деп да айтып атышты элего. Бир нерсе болгон бул жерде. Аябай жаман болуптур.
0
doni89
2014-03-25 16:25:11
Жаман болуптурго 239киши бар брлчуу беле е учакта ((((
0
baxa-kaman
2014-03-25 20:47:01
Булар чындыкты жашырып жатышат, чынында эмне болгонун билишет окшойт.
0
beknur95
2014-03-25 21:29:52
Канча адам 2саатта жок болду,шумдук дуйно
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан