Нью-Йоркто 22-март күнү Кыргызстандын желегин көтөрүү аземи болуп өттү. Салтанат Нооруз майрамынын урматына карата белгиленип, иш-чара 2013-жылы биринчи жолу кыргыз желеги көтөрүлгөн “Bowling Green” сейил багында өткөрүлдү.
Ага АКШда жашаган кыргыз эмигранттары жана коноктор күбө болушкан. Ошондой эле “Kyrgyz Club” эл аралык кыргыздардын бирикмесинин башчысы Айбек Хакимов, БУУнун Кыргызстандагы башчысы Таалайбек Кадыров, акын Анарбек Ахматбаев катышышты.
"Ырчы Саадаттын аткаруусунда Кыргызстандын гимни жаңырып, анын алдында желек обого көтөрүлгөн.
Салтанат шаңдуу атмосферада өтүп, кыргыз туусу Нью-Йорктун асман тиреген бийиктиктеринин жанында желбиреген. Бул иш-чарага көптөгөн туристтер күбө болуп, кызыгуу менен карашты. Эми байрак Нью-Йоркто эки жума желбиреп турмакчы",- деп билдирет “Kyrgyz Club” бирикмесинин басма сөз кызматы.