Бишкек шаарынын тургунунан 2,5 килограммга жакын героин алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 20-март күнү Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны кароо учурунда 3 полиэтилен баштыкчасы табылып, ичинде 1 килограмм 965 грамм баңгизаты бар экени аныкталган. Ошол күнү кармалган 39 жаштагы жарандын үйү текшерүүгө алынган. Анда 475 грамм героин табылган.
Эксперттердин баамында, алынган маңзатынын баасы болжол менен 1,5 миллион сомду түзөт. Баңгизат Орусияга жөнөтүлмөк.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.