Бишкекте бүгүн, 25-мартта “Аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу” деген ураан астында жөө жүрүш өтөт

Бүгүн, 25-мартта Бишкекте активисттер “Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу” деген ураандын астында жөө жүрүш өткөрүшөт. Бул тууралуу “Сообща” кыймылынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара саат 13:30да Жибек Жолу-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде башталат. Жөө жүрүштүн катышуучулары аталган кесилиште чогулушуп, Эркиндик, Абдумомунов, Панфилов, Логвиненко көчөлөрү менен басышат. Жөө жүрүш “Сообща” кыймылынын кайрылуусун Жогорку Кеңештин депутаттарына тапшыруу менен аяктайт. 
Иш-чарада “Биз теңчилик жана адилеттүүлүк үчүн!”, “Кыргызстандагы зордук-зомбулук жана ксенофобияга каршы туруу үчүн пикирлештиктин жана биригүүнүн мезгили!” жана башка ушул сыяктуу ураандар айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан