Ош шаарында жылуулук берүү токтотулган жок. Шаардагы Электр-жылуулук берүү борбору буга чейин жылуулук иш планы боюнча 25-мартта жылуулук берүү токтотулат деген кабарды билдиришкен. Бирок кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жылуулук берүү токтотулган жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлзина Аматова билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык Электр-жылуулук берүү борборунун бүгүнкү күндө штаттык режими толук кандуу иштеп жатат. Шаарда жылуулук берүү аба ырайы жетиштүү деңгээлде жылыганга чейин бериле берет.