Өткөн сутка ичинде республика боюнча 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 5, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.
Кечээ, 24-мартта Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында №2-бала бакчанын ашканасынын 1 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Өрт ашканадагы мордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.