Кытайдагы Синьцзянь университетинин алдындагы Борбор Азия институтунда кыргыз таануу боюнча илимий борбор ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, илимий борборду Кытай тарап каржылайт. Кошумчалай кетсек, учурда Кытайда Кыргызстандын 314 студенти билим алат.