Бүгүн, 25-март күнү саат 10:00дө Жалал-Абадда элдик курултай өз ишин баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жыйындын негизги максаты - өлкөнүн коомдук-саясий абалын талкуулоо жана бир нече пункттан турган резолюция кабыл алуу. Курултайга жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук активисттер жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катышат.
Ошондой эле Март, Апрель, Июнь окуяларынын сабактары жана жаштардын саясаттагы ролу талкууга алынат. Андан сырткары Кыргызстанды Украинадагыдай кырдаалга жеткирбөө жөнүндө кеп козголмокчу.