Бүгүн, 25-мартта Жети-Өгүз районунда саат 11:00дө "Кумтөр" маселеси боюнча нааразылык акциясы башталат. Бул тууралуу Замир Мендибаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Жети-Өгүз райондук соттун алдында тынчтык митинги мыйзам чегинде өтөт. “Биз алдын ала жергиликтүү милицияга билдирүү тапшырганбыз. Мындан тышкары Ысык-Көл облусунун ар бир районунун төрагалары чакырылган. Бүгүн биз Жети-Өгүз райондук соту "Кумтөр" боюнча чечимди адилеттүү чыгарсын деген талап менен чыгабыз”,- деди ал.