Бишкек шаарындагы “Ленин” заводунан баасы 12 000 сом болгон автотрансформатор уурдалып, ага шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кылмышка шектелип заводдун кароолчусу болуп эмгектенген борбор шаардын 28 жаштагы тургуну М.Нурмат жана Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну И.Алмаз кармалышкан. Шектүүлөр күнөөлөрүн моюнуна алышты. Далил катары алардын жанынан кычкач, металл кескич каражат, отвёртка, балка жана башка аспаптар табылган.
Ошол эле суткада аталган заводдун аймагында үч кишиден турган экинчи кылмыштуу топ кармалды. Алар: заводдо кароолчу болуп иштеп кеткен Арашан айылынын 26 жаштагы тургуну Б.Таалай, Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну А.Улан, Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну С.Медер. Кармалган адамдар дагы бир канча кылмышка тиешелери бар делип шектелүүдө.
Белгилей кетчү нерсе, эки топтун бири-бирине тиешеси жок.