Бишкекте жол кырсыгы катталып, жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 24-мартта саат 21:20 чамасында Бишкек шаарынын Д.Сяопин көчөсүндө катталган. Анда 27 жаштагы Кайрат Мерседес 307 үлгүсүндөгү унаасы менен жөө адамды сүзүп алган. Жабырлануучу алган жараатынан улам кырсык болгон жерден каза тапкан. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Ал эми унаа айып жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.