Борбор калаадагы "Фрунзе" супермаркетинен 20 503 сомдук товар уурдалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 24-март күнү саат 10.00 чамасында Бишкек шаарынын Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан “Фрунзе” супермаркетинен 20 503 сомдук товар уурдалган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип Чүй облусунун тургуну К.С. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.