Парламентте акыйкатчылык кызматка талапкерлер тууралуу фракция лидерлери баяндама жасашат
Бүгүн, 25-декабрда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйынында парлементтеги 5 фракциянын лидерлери КРнын Акыйкатчысы кызматына талапкерлер тууралуу баяндама жасашат. Жыйында мындан сырткары Бишкек шаардык сотунун жазык иштери боюнча жана администрациялык укук бузуулар тууралуу соттук коллегиясынын аныктамасын өзгөртүү тууралуу маселе каралат. Ошондой эле Элдар Мадылбековго карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандап алуу тууралуу КРнын Жогорку Сотунун жазык иштери боюнча жана администрациялык укук бузуулар тууралуу соттук коллегиясынын токтомунун аткарылышы жөнүндө маселе каралмакчы.