Бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында Крымга иш сапары менен барып келген серепчи Аркадий Гладилов “Крымда болгон окуялар көптөгөн өлкөлөргө таасирин тийгизет. Алардын арасында Кыргызстан да бар” дейт.
Анын билдиришинче, ал экс-акыйкатчы Турсунбек Акун менен чогуу аталган республикага барып келген.
“Эгер кандайдыр бир өлкө дагы көп жыл бою бар болгусу келсе, күчтүү, туруктуу жана ишеничтүү мамлекет менен бирге болушу керек. Крымдын эли Орусия менен бирге болом деп, туура чечимге келди”,- деди Аркадий Гладилов.
Мындан тышкары маалымат жыйынында Крымда өткөн референдум чагылдырылган видеожазуу көрсөтүлүп жатат. Анда Крымдын жарандары “Орусияда жашагыбыз келет. Биз референдумга катышып, Орусияга кирүү боюнча макулдугубузду бердик” дешет.