"Кримтөбөл" Камчы Көлбаевдин кылмыш ишин кароо 28-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 25-мартта Көлбаевдин иши жабык эшик артында каралмак. Бирок жабырлануучу тараптын келбегендигине байланыштуу 28-мартка жылдырылды.
Айта кетсек, 2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кримавторитет" Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган.