Ош. Мелисбек Мырзакматов "No name" "Тамашоу" командасына 100 000 сом белек кылды

Кечээ Ош шаарындагы белгилүү ресторандардын биринде Ош шаардык мэриясынын астында түзүлгөн Жаштар комитетинин уюштуруусунда шаар мэри Мелисбек Мырзакматовдун студенттерге арнаган жаңы жылдык балы болду. Ага шаардагы жогорку окуу жайлардын коомдук иштерге активдүү катышкан жана окууда ийгиликтерди жараткан 600дөн ашуун студенттери, Мелисбек Мырзакматов өзү катышып, бир топ оюн-зооктор орун алды. Кечеде жаштарга күлкү тартуулаган “No name” "Тамашоу" командасына Мелисбек Мырзакматов өз бюджетинен 100 000 сом, ал эми бий сынагынан жеңип алган ОшТУнун эки студентине 15 000 сомдон белек кыларын айтты. Кийинки жылдагы мэрдин балына Мелисбек Мырзакматов “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Таалай Сабиров менен биргеликте Ош шаарынын жаштарына жылкы союп берерин убада кылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан