Баткенде "айдоочулук күбөлүктү саткан" деп шектелген жаранга кылмыш иши козголду

Баткенде "айдоочулук күбөлүктү саткан" деп шектелген жаранга кылмыш иши козголду. Маалым болгондой, 2014-жылдын март айында Баткен районунун №34-кесиптик лицейинин директорунун орун басары, 49 жаштагы Сейдалы Жолдошов башка жарандан 6000 сом пара алып, айдоочулукту окутпастан, жасалма жол менен «В», «С» категориясында күбөлүк бергендиги аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу" жана "кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sher89
2014-03-25 13:57:50
Тан калыштуу эмес,баары эле сатып алат...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан