Акыйкатчы институту үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу боюнча конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууда

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев бүгүн, 25-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынына катышат. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбүнчө чыр-чатак жана кылмыш менен коштолуп, анда бейкүнөө балдар жабыр тартышат. Акыйкатчы институту үй-бүлөлүк зомбулуктун бардык катталган фактыларына мониторинг жүргүзүп, аларды болтурбоо же азайтуу боюнча конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууда.

Кризистик борборлордун жана социалдык баш пааналардын базасында социалдык буюртмаларды киргизүү зарылдыгы белгиленген, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына укуктук жана социалдык көмөк көрсөтүү боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу каралууда. Акыйкатчы Б.Аманбаев өлкөнүн бул маанилүү социалдык компонентинде абалды жакшыртууга болот жана жакшыртуу зарыл деген ишенимде, андыктан бардык кызыкдар тараптарды конструктивдүү кызматташтыкка чакырат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан