Кыргызстандык балбан Азамат Бараков "Украина - менин таланттарым" сынагынын жарым финалына өттү. Ал "кийинки оюндарда мындан 10 эсе оор трюктарды көрсөтөм" дейт

Адамды таң калтырган өнөрү менен өзгөчөлөнгөн Азамат Бараков көмөчтанды колу менен ийип, тиши менен темир чаканы экиге бөлөт. Ал Кыргызстандын атынан "Украина - менин таланттарым" сынагына катышып, мелдештин жарым финалына өткөнүн айтып, сүйүнүчтүү кабары менен SUPER.KG порталынын кеңсесине баш бакты.
"Негизи, мен бул өнөрүмдү таштап койгон элем. Бир күнү Вячеслав деген жигит "катышып көрбөйсүңбү, утпасаң да эл-жер көрүп келесиң" деп калды. Ойлонуп көрүп, анын сунушун туура көрдүм. 
Бул сынакка баш-аягы 4 миңдей катышуучу катышыптыр. Алгач мунун ичинен миңин, андан соң миңдин ичинен 40 катышуучуну тандап алышты. 
Чынында, менин илмийип турганымды көрүп эч ким ишенеген жок, балбан экениме. "Бийчи", "дирижёр" деп шылдыңдап жатышты. Көрүүчүлөр өнөрүмө күбө болушкандан кийин гана "Азаматсың!" деп ордунан тура калып кол чабышты. Албетте, бул мага дем-күч берди. Буюрса, сынактын жарым финалында мындан 3 эсе оор трюктарды жасайм деп турам. Эгер финалга өтсөм, анда 10 эсе оор трюктарды жасоого даярмын",- дейт кыргызстандык балбан.
Маалым болгондой, Азамат Бараков учурда эмерек чыгаруучу цехте эмгектенет. Бул өнөрүн тартуулап келе жатканына 3 жылдын гана жүзү болгон. 

"Темир киши" аталган Азамат Бараков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tokio1991
2014-03-25 13:02:30
азаматсын ийгилик!
0
Tattygul
2014-03-25 13:07:07
Азаматсын, Азамат.
0
acer11
2014-03-25 13:09:14
Менда трюктарын коруп тан калдым Украиндердин оозун ачырдын чыныгы АЗАМАТ экенсин. Онорун оркундой берсин Эн биздин бийлик ушундай уулдарды колодой албайбыз.
0
RIO.
2014-03-25 13:30:57
acer11, колдогондо? кандайча колдойт? бул жерде эч кандай колдоочу жагдай деле жок го! сен мен аны азамат деп кана колдобосок.
0
acer11
2014-03-25 14:10:40
RIO.,Ар кандай колдоо керек уй берип каржы маселесин чечип колдоонун коп турунон, АЗАМАТ экенсин деп отурсак алга жыла албайт. менде мумкунчулук жок ошон учун мамлекеттик колдону жазып койдум.
0
brend007
2014-03-25 13:52:16
Азаматсын. Ийгилик коштосун.
0
toktopolot79
2014-03-25 21:59:00
Алдыдагы жарым финалда ийгиликтер коштосун!!! АЛЛАХ колдосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан