27-мартта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Эл аралык театрлар күнүнө карата майрамдык салтанат өтөт

27-мартта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Эл аралык театрлар күнүнө карата майрамдык салтанат өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта КРнын Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага республикадагы театрлардын жана цирктин чыгармачыл жамааттары катышат. Аземде КРнын Маданият жана туризм министри С.Раев театр кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырмакчы. 

Белгилей кетсек, иш-чара 27-мартта саат 15:40та башталат.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан