ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгы “Кыргыз-Ата” партиясынын лидери Төлөгөн Келдибаевге эч кандай коркутуу болбогонун билдирди.
Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Төлөгөн Келдибаевдин саясий көз карашынан улам суракка чакырылганы жөнүндөгү маалымат чындыкка коошпойт. Ал Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси болуп турган учурунда мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн суракка чакырылган.
Айта кетсек, 22-март күнү интернет булактарына Төлөгөн Келдибаев боюнча маалымат чыккан. Анда ал 24-мартта митинг өткөрүүнү пландаганы үчүн милиция кызматкерлери коркутуп, үйүнө келишкенин айткан. Ошондой эле Келдибаев муну саясий кысым катары баалаган.