Ош шаарында аялдардын алгачкы диний окуу борбору ачылды. Борбордун ачылыш аземине муфтийдин орун басары, түштүк аймагындагы казыят өкүлдөрү жана шаардагы аялдар жамааты катышты.
Маалыматка ылайык, мындай борборду ачуу демилгесин калаа казысы Убайдулла ажы Сарыбаев көтөргөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош шаары жана Ош облустук казыятынын алдындагы аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамиля Жапашова билдирди. Анын айтымында, окуу жуманын бардык күндөрү жүргүзүлөт.