Ош шаардык ооруканасынын дарыгери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга Ош шаарынын тургуну кайрылган. Ал Ош шаардык ооруканасынын дарыгери тууганына операция жасоо үчүн 7 миң сом талап кылып жатканын айткан. Дарыгер “акчаны качан алып келип бергенде гана аласың” деп арыздануучунун документин, телефонун алып алган.
Күч органдары тарабынан дарыгер пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.