Бишкекте эртең менен жол кырсыгына кабылгандардын аты-жөнү такталды

Бишкекте бүгүн, 25-мартта эртең менен Фрунзе-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган айдоочулардын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын айынан көз жумган айдоочу 56 жаштагы Александр, ал эми анын унаасын сүзгөн айдоочу 22 жаштагы Муслим экени аныкталды.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-мартта саат 6:00 чамасында Бишкектеги Фрунзе-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде Фольксваген Пассат жана БМВ Х-5 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу каза тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан