Украина. Майданда активист катары таанылып, кийин кылмышкер атыккан Сашко Билый мерт болду

Майдандагы активисттердин бири Сашко Билый мерт болду. Маалым болгондой, бүгүн, 25-мартта Украинанын УКМКсы менен “Сокол” күч түзүмдөрү тарабынан атайын операция уюштурулуп, Ровно шаарындагы кафелердин биринен “Правый сектор” улуттук уюмунун мүчөсү Сашко Билый аты менен таанылган Александр Музычкону кармоого аракеттенишкен. Жыйынтыгында атышуу башталып кетип, Сашко каза тапты. Бул тууралуу Украинанын басылмалары жазып чыгышты.  

Александр Музычко - Ровно облусундагы прокуратурага автомат менен кирип барып, прокуратуранын кызматкерин ургандыгы жана ага болушкан ИИМдин башчысын коркуткандыгы менен таанылган “Правый сектор” уюмунун мүчөсү.

8-мартта эле Музычкого бейбаштык жана мыйзамдык аракеттерге каршы чыккандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, 12-мартта издөө салынган.

14-мартта болсо Музычко интернетке дагы бир видео тараткан. Анда ал Украинанын Башкы прокуратурасы аны жок кылуу же кармап, Орусиянын колуна тапшыруу боюнча чечим кабыл алгандыгын айткан. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jetigen90
2014-03-25 16:02:15
Жаткан жери жайлуу болсун, байкуш!
0
kristiano
2014-03-25 17:43:24
jetigen90, ал байкуш эмес бандит эле,кадай болсо да
0
maketai
2014-03-25 19:33:38
internetegi videosu ele kyzyk eken,sado-mazoxisttik videosu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан