Бүгүн, 25-мартта Жети-Өгүз райондук сотунун алдында өткөн нааразылык акциясы бир саатка созулуп, аяктады. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, иш-чарага 30-35 адам катышкан.
Ал эми акциянын уюштуруучусу Замир Мендибаев “митингге 100гө чукул адам келди” деп жарыялады.
Расмий билдирүүгө таянсак, Жети-Өгүз райондук соттун алдындагы тынчтык митинги мыйзамдын чегинде, тынч өткөн. Жергиликтүү милицияга алдын ала митинг боюнча билдирүү берилген. Ал саат 11:00гө пландалган, бирок 12:00дө башталып, бир саатка созулуп, аягына чыкты.
Тынчтык митингинин негизги максаты - “Кумтөр” кенин иштетүүдөн келтирилген зыян боюнча соттун тергөө амалдарын тездетүү.