Бишкектин Раззаков көчөсүнөн сөөгү табылган жаш кыз интимдик кызмат көрсөтүп келген

Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүнөн өлүгү табылган жаш кыз интимдик кызмат көрсөтчү. Аны өлтүргөн адам кардары болгон. Бул тууралуу 25-мартта жергиликтүү маалымат каражаттары күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине шилтеме берүү менен жазып чыгышты. 

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы ал маалыматты тастыктаган жок. 

Кыздын өлүмү боюнча бир канча версия бар. Ар кандай болушу мүмкүн. Аны тергөөнүн жүрүшүндө биле алабыз. Учурда кылмышка шектүүнү кармоо иштери жүрүп жатат. Анын көрсөтмөсүнүн негизинде гана кыз тууралуу “мындай же тигиндей болчу” деген маалымат бере алабыз”,- деди Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов.

Эске салсак, 14-мартка караган түнү жолдон өтүп бараткандар Раззаков көчөсүнөн 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денесин көрүшкөн. Анын башына полиэтилен баштыгы кийгизилип, колдору көк түстөгү чүпүрөк менен байланган эле. Жанынан айымдардын кара түстөгү бут кийими жана күрөң кур табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ysmanali
2014-03-25 15:31:28
Байкуш аркы дуйнодо кантеер екен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан