Баткен облусунун Халмион айылындагы “Баяман баатыр” базарында болгон өрттүн чыгымы 30 миллион сомду түздү. Бул тууралуу аталган базардын администрациясынын жетекчиси Умсунай Эркинбаева билдирди.
Айтымында, өрт кырсыгы соодагерлердин ортосундагы атаандаштыктан улам келип чыгышы мүмкүн. Бир мезгилде 5 контейнерден өрт чыккан. Анын кесепетинен базардагы 15 контейнер товарлары менен күйүп кеткен.
Айта кетсек, өрт 22-март күнү саат 16:43 чамасында чыгып, 20:16да өчүрүлгөн.