Ош шаарында такси айдоо менен алектенген жарандардын ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн патенти жок экени аныкталды

Ош шаарынын Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери бүгүн, 25-мартта Жүргүнчү ташуучу транспорт агенттигинин жетекчилери менен бирге рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош шаарынын Жол-кайгуул кызматынын орун басары Бакытбек Бакиров билдирди.

Анын айтымында, автоунаалардын санынын көбөйгөндүгү баш аламандыкка алып келүүдө. Ал эми такси айдоо менен алектенген жарандардын ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн патенти жок экени аныкталды. "Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Бирок 65 кызматкер шаардагы бардык аялдамаларды көзөмөлдөөгө үлгүрүшпөйт",- дейт ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sagidko88
2014-03-25 16:41:44
патентти да акчага алышат, эптеп тиригилик кылган таксисттерди да жон койбогула эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан