Бишкек-Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Хонда Одиссей жана Ниссан Максима унаалары сүзүшүп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынан маалым болду. 21-декабрь күнү саат 17:00 чамасында бири-бирине карама-каршы багытта келаткан Хонда Одиссей унаасы менен Ниссан Максима унаасы сүзүшө кеткен. Жыйынтыгында Хонда-Одиссей унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.