Ош шаарында март айынан бери Тико үлгүсүндөгү 4 унаа уурдалды. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков бүгүн, 25-мартта билдирди.
Айтымында, ууруларды кармоо иштери жүрүп жатат.
“17-марттан 18-мартка караган түнү Ош шаарынын тургуну Кубанычбек Мамжаровдун Тико үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Унаа үйүнүн жанында токтоп турган. Мындай факт март айынан бери төртүнчү жолу катталууда”,- деди Замир Сыдыков.