Саруу айылында бүгүн, 25-мартта "Кумтөр" маселеси боюнча чоң чогулуш өтөт

Бүгүн, 25-мартта саат 19:00гө Ысык-Көл облусунун Саруу айылында чоң чогулуш пландалып жатат. Бул тууралуу активист Замир Мендибаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага аталган айылдын тургундары, он башы, жүз башы, айыл өкмөтүнүн кеңешинин мүчөлөрү чакырылган. Чогулушта “Кумтөр” маселеси боюнча кийинки кадамдар талданат. 

“Бүгүн Жети-Өгүз райондук сотунун алдында нааразылык акциясын өткөргөнбүз. Эскерте кетсем, 2014-жылдын 14-февралында Жети-Өгүз райондук сотуна доо менен кайрылганбыз. 14-мартта аталган мекеме “ишти карай албайбыз” деген шылтоо менен бүтүмүн чыгарып, дагы он күн сактап жатыптыр. Биз бүгүнкү митинг аркылуу кысым жасап, ишти облустук сотко жиберүүгө жеткирдик”,- деди Замир Мендибаев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-мартта Жети-Өгүз райондук сотунун алдында өткөн нааразылык акциясы бир саатка созулду. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, иш-чарага 30-35 адам катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-03-25 16:48:47
популисттердин айлалары кетип ататко??? эл келбей атат, акчалары жок, курултай откорулгон жок...эми крышадан секиребиз дебешсе эле болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан