17 жашар баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

17 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 23-март күнү саат 20:00 чамасында Ак-Суу айылында жеңил унаанын айдоочусу 17 жаштагы баланы сүзүп алган. Бирок ага биринчи жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Жабырлануучуну “Тез жардам” унаасы алып кеткен.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 39 жаштагы К.А. кармалды. Ошондой эле Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы айып жайга токтотулду.

Учурда жол кырсыгынын себеби такталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aisanat
2014-03-25 16:58:43
Emnege kachat ai sherge kirip ketse da tabylat go. Kichinekei Ak Suuda kimdin kandai ulgudogu mashinasy bar ekenin bilishet.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан