Баткен районунда мечиттерде дааватчылар үчүн журнал ачыларын райондук имам-казылардын жыйынында казы Н.Мамасабиров билдирди. Жыйында райондук казылыктын, айылдык имамдардын жылдык отчёту угулду. Баткен райондук казы Н.Мамасабиров жылдык отчёт берип, келерки жылдын планы менен бөлүштү. Мамасабиров айыл-кыштактарда, жер-жерлерде жергиликтүү тургундарды, жаштарды адеп-ахлакка, ынтымакка жана сабырдуулукка чакырууну имамдардан суранды. Мындан сырткары дааватчылардын ишмердүүлүгүн тартипке салуу боюнча тапшырма берди. “Кээ бир учурда айылдарда тааныш эмес, өздөрүн дааватчымын деген кишилер пайда болуп, күмөн саноону жаратат. Ошондуктан мечиттерде каттоо журналы ачылсын”, - дейт Мамасабиров. Ал журналга келген дааватчылар ким экендигин жана өзү жөнүндө маалымат калтырышат.