Индияда "макулдугу жок турмушка чыкты" деп өз кызын муунтуп өлтүргөн ата-эне камакка алынды

Индиянын Андхра-Прадеш штатында 26 жаштагы кыздын муунтуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Бул тууралуу 25-мартта чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты. 

Кылмышка шектүү деп инженер болуп иштеген кыздын ата-энеси кармалган. Кызы алардын макулдугусуз турмушка чыкканын айтып, кылмышты мойнуна алышкан ата-энеси камакка алынды. 

Мындай окуя Индияда 2013-жылы ноябрь айында да катталган. 14 жаштагы кызын жана непалдык малайын өлтүргөн ата-эне өмүр бою эркинен ажыратылган. Соттук процесстин жүрүшүндө прокурорлор ата-энени "кызы менен малайды Делидеги үйүндө керебетте көргөн соң мууздап салган" деп айыптаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aisanat
2014-03-25 17:08:04
Indijada myndai okujalar tilup atat. Bir Avtobus erkekter bir kysdy sorduktap salyp kys sharaatynan oorukanada kos shumganyn korup ele tan kaldym. Aga karaganda bisde myndai okujalar chanda kesdeshet.
0
Kali9
2014-03-25 19:03:24
Жапайычылык!!!
0
Mech.kg
2014-03-25 19:47:57
Индия менен кыргызстанды салыштырууга болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан