Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы өрт кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кечээ, 24-декабрда саат 23:00 чамасында өрт өчүрүү кызматына аталган райондогу Ровный айылынын Совет көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу телефон чалуу келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр үйдөн 3 адамды табышкан. 84 жаштагы М.Снын жана 52 жаштагы В.Снын жансыз денеси табылса, 84 жаштагы А.С. жаракаттары менен райондук ооруканага жеткирилди. Маалыматка ылайык, каза болгондор газдын исине ууланышкан. Кошумчалай кетсек, өрт үйдүн 16 метр чарчы аянтын, эмеректерди, буюмдарды күйгүзүп кеткен. Учурда анын келип чыгуу себеби такталууда.