Баткен облусунда мыйзамсыз баңги каражатын сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Халмион айылынын тургуну И.Кнын үйү текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында 229 грамм кара куурай, 437 грамм гашиш табылган. Учурда “баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.