Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында ок атуучу курал 81 даана огу менен табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, аталган айылдын 44 жаштагы тургуну В.Инин үйү тинтүүгө алынган. Анда 34 грамм баңгизаты жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү курал 81 огу менен табылган. Учурда “ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.